• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министрлиги чет элде жүргөн кыргызстандыктар үчүн мессенжер-канал ачты

Коом 0

Бишкек, 14.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет элде жүргөн мекендештер менен кабар алмашуу үчүн мессенжер-канал ачты. Каналдын номуру +996 551 312 000.

Эми башка жакта жүргөн кыргызстандыктар суроолорун WhatsApp, Telegram, WeChat жана Viber аркылуу жөнөтүп, кеп-кеңеш алса болот.

14-январдан тарта тесттик түрдө иштей баштады. Бардык билдирүүлөр текст, үн, фото жана видео түрүндө кабыл алынат.

Консультациялык жардам берген канал күнү-түнү иштейт жана чет элде жүргөн кыргызстандыктардын кызыкчылыгы үчүн жана алардын укуктарын коргоо максатында ачылды, деп кабарлады КР ТИМ басма сөз кызматы.

Эске салсак, 700 миң кыргыз жараны азыркы учурда чет өлкөлөрдө жүрүшөт. Алардын 80 пайызы Россиянын аймагында.

Пикир

Оставить комментарий