• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алматыда теракт жасоого даярданган борборазиялыктар кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 14.01.19 /Кабар/. Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы Алматыда чабуулдарды жасоого шектелген адамдар кармалганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө алардын борборазиялык экенин жазылып, бирок аты-жөнү жана кайсыл өлкөнүн жарандары экендиги көрсөтүлгөн эмес.

Маалыматка караганда, шектүүлөрдүн убактылуу жашаган үйү тинтүүгө алынып, анда жардыруучу заттар, курал-жарак жана ок-дарылар табылган.

«Тергөөнүн версиясы боюнча кармалган адамдар «Ислам мамлекети» тобунун чет өлкөдөгү согушкерлеринин буйруктарын аткарып жүрүшкөн. Алар Алматыда адамдар көп топтолгон жерлерде чабуул жасоого даярданышкан», — деп жазылган билдирүүдө.

Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий