• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуккан учурлардын саны дээрлик 50 миң адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 49 миң 994 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 609 жаңы учур катталды. Ал эми 618 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 45 миң 474 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 417 бейтап каза болду. 3 миң 485 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий