• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 266 адамга жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 07.05.20. /Кабар/. Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 266 адамга жеткенин өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирус жуктурган 49 учур катталган. Ал эми 76 жаран айыгып, реабилитациялык борборго которулган.

Эскерте кетсек, Өзбекстанда карантин режими 10-майга чейин узартылган. Бирок айрым чектөөлөр алынган.

"Ар бир район жана шаарга эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Өзбекстанда 2 миң 226 адам илдет жуктурса, 1 миң 577 жаран айыккан.

Пикир

Оставить комментарий