• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Борбор Азияга кандай таасирин тийгизет: Ташкентте климаттын өзгөрүшүнө арналган конференция башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 03.04.19. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Бүгүн, 3-апрель күнү Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Климаттын өзгөрүү маселелери боюнча Борбор-Азиялык Конференция башталды.

Аталган иш-чарага 3-4-апрель күндөрү болуп өтөт. Конференциянын максаты климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу (адаптация) багытында аймактык кызматташтык менен өнөктөштүктү өнүктүрүү, анын Борбор Азияга тийгизе турган таасирин азайтуу болуп саналат.

Конференциянын алкагында 5 пленардык сессия өтөт:

  • Глобалдык климаттык саясат жана улуттук милдеттемелер
  • Климаттын өзгөрүшүнүн таасири жана глобалдык жана аймактык алкакта ыңгайлашуу
  • Климаттык кызматтар
  • Климаттын өзгөрүшү тармагында практика жана технологиялар;
  • Климаттык каржылоо

Биринчи күнү үч пленардык сессия өтөт. Ал эми, экинчи күнү 4-5-пленардык сессиялар өтүп, аны менен бирге 4-апрелде 5 параллелдүү сессиялар болот.

Конференциянын жыйынтыгы менен жыйынтыктоочу документ даярдалып, ал иш-аракетке өтүүгө чакырык жасаган документ болот.

Анда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багытында жана климаттык саясат боюнча көп тараптуу кызматташтыкты күчөтүү сунуштары камтылат.

Аталган конференцияга климаттын өзгөрүшү тармагында иштеген 300дөн ашык өкмөттүк мекемелердин, илимий коомчулук, жаштар, эл аралык жана аймактык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат.

Пикир

Оставить комментарий