• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Китепландия – китеп дүйнөсү": Бишкекте балдар үчүн жомок китептин бет ачары болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 30.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрь күнү Бишкектеги К. Баялинов атындагы китепканада "Китепландия – китеп дүйнөсү" аталышындагы балдар үчүн жомок китептин бет ачары болуп өттү.

Китепти жазган Талантбек Шабиевдин айтымында, китеп 5 жыл бою жазылган. Анда китептер өлкөсүнө барып калган саякатчылар тууралуу баяндалат.

"Кыргызстанда балдарга арналган китептер аз болгондуктан бул китепти жазууну чечтим. Китептеги сүрөттөргө да көңүл бурдум. Сүрөттөрдү Динара Чокотаева тартты. Китеп кыргыз тилинде 1 миң 500 нускада басылып чыкты", - дейт Шабиев.

Шабиевдин айтымында, китеп орус тилине которулуп, жакын арада англис тилине которулуп бүтөт.

Учурда ал, китептин уландысын жазууда.

Пикир

Оставить комментарий