• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда диктатураны саясий партиялар орнотту - Бөрүбашев

Коом 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда диктатураны саясий партиялар орнотту. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясында өткөн Конституциялык кеңешменин жыйынында комиссиянын төрагасы Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын айтымында, саясий партиялар Ак үйдөн баштап, айыл өкмөтүнө чейин барын бөлүп алышты.

"Конституциялык түзүлүштүн негизги принциби – бул демократия. Демократия Ак үйдө эле эмес, экономикада болушу керек. Калктын 2-3 пайызы бай болуп, 97 пайызы кедей болгону демократия эмес", - дейт ал.

Бөрүбашев кошумчалагандай, Конституциянын жаңы долбоору боюнча өлкө президенттик башкарууга бара жатат.

"Кыргызстанда таза президенттик же таза парламенттик башкаруу формасы болгон эмес. 2010-жылы орнотулган башкаруу системасы дүйнөдө жок. Кайсы мамлекеттик башкы орган өкмөттү бекитет жана өкмөт кимге отчет берет? Бул суроого жооп берсек башкаруунун формасын таба алабыз", - деди комиссиянын төрагасы.

Эскерте кетсек, 17-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий