• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акциздик маркаларды даярдоо боюнча кызматты сатып алууга конкурс жокко чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына акциздик маркаларды даярдоо жана Кыргыз Республикасына жана анын чегинен сыртка жеткирүү боюнча кызматты сатып алууга конкурсту жокко чыгарды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, конкурсту жокко чыгаруу тууралуу чечим акциздик маркалардын коргоо элементтерин жана касиеттерин күчөтүү боюнча талаптарды жогорулатуу максатында КР өкмөтү менен макулдашылып, кабыл алынды.

Бул алкоголдук продукциянын мыйзамсыз рыногуна каршы күрөшүү жана жогорку сапаттагы жасалма акциздик маркаларды колдонууга каршы аракеттенүү максаттары менен түшүндүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий