• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көчөт отургузуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/.Бишкек шаарында кышкы көчөт отургузуу иштери уланууда.

Муниципалитеттен билиришкендей, “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын багбандары жабык тамыр тармактары менен ийне жалбырактуу көчөттөрдү Абдрахманов, Ибраимов жана Байтик Баатыр көчөлөрүнө отургузууда. Жалпы 170 даана жаңы көчөт отургузулат.

Белгилей кетсек, кыш мезгилиндеги көчөт отургузуунун жаз мезигилине караганда көптөгөн артыкчылыктары бар. Кышында өсүмдүктөр уйку абалында болуп, көчөттү отургузуу убагында тамырына күч келип кыйналбайт.

Пикир

Оставить комментарий