• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Төө буурчак менен картошканы чет өлкөлүк рыноктордо сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө — Чодуев

Коом 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Азыркы кезде төө буурчакты жана картошканы чет өлкөлүк рыноктордо сатуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

undefined

Анын айтуусунда, буга чейин кытай тарап менен коондорду жана алчаны экспорттоо тууралуу макулдашуу болсо, быйыл унду, кургак сүттү жана быштакты экспорттоо жөнүндө макулдашылган.

"Биз 18 ассоциациялар менен меморандум түздүк, бул 400 миңден ашык фермерлер менен түз иштөөгө мүмкүндүк берет. Министрликтин курамында ата-мекендик продукцияларды чет элдик рынокторго чыгаруу боюнча ишти күчөтүү үчүн экспортту илгерилетүү боюнча жаңы бөлүм түзүлдү", - деп билдирди министр.

Жолугушуунун алкагында өлкөнүн агрардык тармагынын учурдагы абалы жана мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды, андан тышкары үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча тийиштүү отчет берилди.

Пикир

Оставить комментарий