• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-октябрда саат 15:45тен тартып Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнүн өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай чара Бишкек — Ош унаа жолунда бороон болуп жана жол тайгак болгондугуна байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатын көздөйт.

"Урматтуу айдоочулар! Алыскы сапарга чыккан учурда унаага керектүү дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, азык, дары кутучасы менен камсыз болуңуздар! Ошондой эле унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону унутпаңыздар!", - деп айтылат ӨКМдин билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий