• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Күзөт кызматынын жетекчилиги муктаж үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 27.12.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын жетекчилиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун аймагындагы Төрт-Күл, Кызыл-Байрак, Шабдан жана Тар-Суу айылдарында жайгашкан 5 үй-бүлөөгө ун, кумшекер, май, чай, макарон, кесме, гречка, күрүч, жемиштер, кир жуучу каражаттар, балдарга белектер иретинде материалдык жардам көрсөтүлдү.

Мындай кайрымдуулук КР министрлер кабинетинин төрөагасы Акылбек Жапаров тарабынан бекитилген "социалдык контракты" ийгиликтүү ишке ашыруу максатында куратордук колдонуу боюнча тизмеги ылайык жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий