• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Султанбаев: Сөз эркиндиги жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарыл

Коом 0

Бишкек, 28.10.22. /Кабар/. Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, азыр да бар жана келечекте да болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Султанбаев бирок сөз эркиндиги ар дайым жоопкерчилик түшүнүгү менен ажырагыс байланышта экенин эстен чыгарбоо зарылдыгын айтты.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эркин медианын ишине эч кандай чектөө коюлган жок. Болгону бардык жарандарга жана юридикалык жактарга бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамды кынтыксыз аткаруу талабы гана коюлуп жатат.

Мунун негизинде Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусундагы 2022-жылдын 14-17 - сентябрь күндөрүндөгү окуялар тууралуу чындыкка коошпогон маалыматтарды тараткандыгына байланыштуу, хостинг провайдер тарабынан сайттын ишин эки айга токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Мыйзам катаал, бирок мыйзам деген мыйзам", - деди Эрбол Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий