• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сыйлык ар дайым өз каарманын табат - Айдаркулов

Коом 0

Бишкек, 02.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн адиси Мелис Айдаркулов бүгүн эмгек сиңирген мамлекеттик кызматкер деген наам алды.

Ал журналисттик жана саясий чөйрөдөгү көп жылдык эмгеги үчүн мындай сыйлыкка биринчи жолу көрсөтүлүп жатат. Ага байланыштуу көпчүлүгү Айдаркуловдун эмгеги өз убагында бааландыбы деген суроо салышты?

Ал бүгүнкү сыйлык алуу аземиндеги эң кубанычтуу учур – бул анын актер Насреддин Дубашев менен биргеликте сыйлык алып жаткандыгында экендигин билдирди.

“Биз бардыгыбыз анын “Жамийла” тасмасын жакшы билебиз, ал анда башкы каарман Сейиттин ролун аткарат. Өзүнүн 40 жылдык чыгармачыл жолунда 10го жакын тасмаларда роль жараткан жана ал “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамына татыктуу”, - деп билдирди Айдаркулов.

Пикир

Оставить комментарий