• 88.68
  • 95
  • 0.95

Туризм департаментинин директору Шатманов Эл аралык каржы корпорациясынын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Туризм департаментинин директору Самат Шатманов видеоконференция форматында Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган департаменттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн режиминдеги жолугушуунун жүрүшүндө Эл аралык каржы корпорациясынын өкүлдөрү аткарылган иштер жөнүндө айтып, туризмди өнүктүрүү жаатында мерчемделген биргелешкен иш-чараларды талкуулашты.

Өз кезегинде Шатманов өнүгүү боюнча өнөктөштөргө өлкөнүн туризмин өнүктүрүү максатында жигердүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Туризм департаментинин биргелешип кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий