• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 7-декабрдан 8-декабрга чейин тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-75-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий