• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облусунун депутаттары үчүн квалификациясын жогорулатуучу тренингдер өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Аймактарды өнүктүрүүдө жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын орду чоң. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Нурдин Алишеров билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда 453 айылдык кеңеш жана 31 шаардык кеңеш бар.

"Өлкө боюнча айылдык кеңештеги депутаттардын саны 7 миң 505, ал эми шаардык кеңештерде 879ду түзөт. Жалпы мандаттардын саны – 8 миң 722. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигинин аймактарды өнүктүрүүдө орду чоң. Себеби, Конституция жергиликтүү бийликке ошол жердеги маселе менен көйгөйлөрдү өз жоопкерчилиги алдында чечүүгө укук берет. Биз Ханнс Зайдель фонду менен жергиликтүү кеңештердин депутаттарына тренинг өткөрүү боюнча меморандумга кол койдук. Тренингдер депутаттарга муниципалдык менчик жана бюджетти натыйжалуу пайдаланууну үйрөтүү максатын көздөйт", - деди ал.

Анын айтымында, тренинг Чүй облусунда сынактык түрдө өтөт.

"Тренингдер муниципалдык жана мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын арттырууга мүмкүндүк берет", - деди ал.

Тренингдин биринчи этабы теориядан турат. Андан кийин депутаттар тесттен өтөт. Анын жыйынтыгы менен 300дөн ашык киши окутуунун экинчи баскычына өтүшөт. Экинчи этапта депутаттар менеджмент боюнча кененирээк маалымат алышат.

Пикир

Оставить комментарий