• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Административдик сот Токмок шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты

Коом 0

Бишкек, 19.05.21. /Кабар/. Бишкек шаардык административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Токмок шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу жөнүндө чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, БШКнын 3-майдагы чечими менен Токмок шаардык кеңешке шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган. Бишкек шаарынын административдик сотунун 19-майдагы чечими менен БШКнын бул чечими күчүндө калтырылды.

Пикир

Оставить комментарий