• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аймактык экономикага таасир бере турган бизнес-долбоорлорго көңүл буруу зарыл – Боронов

Коом 0

Бишкек. 03.05.19 /Кабар/. Аймактык экономикага таасир бере турган инфраструктуралык мүнөздөгү жана бизнес-долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов облустарды жана өсүү чекити болгон 20 шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмеде билдирди.

Боронов министрлик жана ведомвстволордун жетекчилерин өсүү чекити-пилоттук шаарларды өнүктүрүүдө тармактык иш-чаралардын, тактап айтканда, жолдордун курулушу, энергетиканы өнүктүрүү, билим берүү, саламаттык сактоо жана туризм маселелеринин тыгыз байланышына көңүл бурууга чакырды.

"Учурда өкмөт тарабынан бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын Региондук саясатынын концепциясы ишке ашырылууда. Мындан тышкары өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын алкагында бардык мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аймактарда ишкерликти өнүктүрүү, бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды жана жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүгө тийиш. Каралган иш-чаралардан тышкары, шаарларды өнүктүрүүнүн бекитилген программаларын сапаттуу ишке ашырууну шарттаган кошумча чараларды көрүү зарыл", – деп белгиледи Боронов.

Кеңешмеде Боронов өсүү чекити-шаарларын өнүктүрүү боюнча тапшырмаларды жүзөгө ашыруунун начардыгын белгиледи.

Муну эске алуу менен ар бир шаардын мэрине кыска мөөнөттүн ичинде аймакты өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу боюнча бир жана беш жылдык планды иштеп чыгуу, өсүү чекити-шаарларын активдүү өнүктүрүүгө тоскоол болгон кемчилдиктерди четтетүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий