• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте уюштурулган жылынуу түйүндөрүнө 500гө жакын адам кайрылды

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Аба ырайынын сууктагандыгына байланыштуу кечээ, 11-январда Бишкектин жарандары жана коноктору үчүн шаар аймагында убактылуу жылынуу түйүндөрү уюштурулган.

Муниципалитеттен билдиришкендей, убактылуу пункттарда жарандарга ысык чай берилип, жылынууга шарттар түзүлгөн.

"Свердлов районунда жайгашкан пункттарга 208 адам кайрылып, ал эми Ленин районундагы пункттарга 150 адам кайрылган. Октябрь районунда 60 адам кайрылса, Биринчи май району боюнча убактылуу жылытуу түйүнүнө 63 адам барган", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, жылынуу түйүндөрүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы борбордун мэриясы менен биргеликте уюштурган. Ал үчүн чатырлар тигилип, ар бир пунктта ӨКМ кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат.

Пикир

Оставить комментарий