• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте шаардыктар үчүн 10 жылынуу пункту ачылды. Даректери

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Абанын кескин төмөндөшүнө байланыштуу Бишкек шаарынын жарандары жана коноктору үчүн 10 жылынуу пункту уюштурулду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, убактылуу пункттарда жарандарга ысык чай берилип, жылынууга шарттар түзүлгөн.

Биринчи май районунда:

- Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде.

Октябрь районунда:

- №5 кичирайонундагы 1/1үйүнүн жанында, Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде;
- №12 кичирайондо, Маданият үйүнүн жанында;
- Тунгуч кичи районунда, Глобус супермаркетинин жанында.

Ленин районунда:

- "Октябрь" кинотеатрынын жанында (батыш тарабы);
- "Манас" кинотеатрынын жанында;
- Ленин акимчилигинин түштүк-батыш тарабы Чүй проспектиси № 315 дареги боюнча.

Свердлов районунда:

- Чыгыш-5 кичи районундагы кичи арбат аялдамасында;
- Бельская көчөсүндөгү «Красная строитель» конушунун паркында (№4 автобустун акыркы аялдамасы);
- Чыгыш автобекетинин ичинде жана Дордой базарындагы “Азия” соода борборунун ичинде.

Жылуулук түйүндөрүн ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгы борбордун мэриясы менен биргеликте уюштурду. Жалпысынан шаарда 10 чатыр тигилип, ар бир пунктта ӨКМ кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө болушат.

Пикир

Оставить комментарий