• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

11-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.04.23./Кабар/. Бүгүн, 11-апрелде Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Талас облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас облусунда +9…+14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көл облусунда +9…+14, Нарын облусунда +9…+14 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +11…+13 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий