• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Катанияда кыргыз-италия маданий байланыштарын түзүү жана кеңейтүү маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.04.23./Кабар/. Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Катания провинциясына жумушчу иш сапарынын алкагында “Массимо Белин” атындагы опера театрынын башкы директору Жованни Култрера менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө элчи Т.Базарбаев Кызматташуу келишимине кол коюу менен Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы жана “Массимо Белини” атындагы опера театрынын ортосунда кызматташууну түзүү, ошондой эле артисттер, оркестрлер жана дирижерлор ортосунда тажрыйба алмашуу, кыргыз-италия маданий байланыштарын түзүү жана кеңейтүү үчүн өз ара гастролдорду уюштуруу боюнча кызматташууну сунуштады.

Өз кезегинде, Ж.Култрера бул маселени оң жагына чечип берүү, кыргыз тарап менен маданият жана искусство тармагында кызматташууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: “Массимо Белини” опера театры 1890-жылы миландык архитектор К.Саддын долбоору боюнча курулган. Театр 105 адамдан турган оркестр, 84 адамдан турган хор, ошондой эле сахна техниктеринин чоң тобу жана сахна дизайны боюнча мастер-класстардан турат.

Пикир

Оставить комментарий