• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт. Себеби

Коом 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.

«Бишкекгаз» шаардык газ кызматынын билдиришкендей, 11-октябрдан 13-октябрга чейин оңдоо иштерине байланыштуу "Красный Строитель" районунда, Сары-Челек көчөсү –Ала-Арча дарыясы - Айланма жолу – Киргизская көчөсү – Логвиненко көчөсү – Курманалиев көчөсү – Зеленая көчөсү – Новая көчөсү – Колхозная көчөсү – Заводской тар көчөсү менен чектелген аймакта, ошондой эле Элебесов көчөсүндө, Аул, Новосельская көчөлөрү жана кичи Чүй каналы менен чектелген аймакта газ убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий