• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Кыргыз темир жолунун” жаңыланган вагону жакында ишке берилет

Коом 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы өлкө ичинде жүрө турган вагонду жаңылап, тартуулады.

Модернизацияланган вагон жакынкы бир ай ичинде ишке берилет.

Вагондун дизайнын өзгөртпөстөн кузовду күчөтүү жүргүзүлгөн. Мындан сырткары, вагондун бекемдигине жана коопсуздугуна сыноо өткөрүлдү.

Модернизациялоодо вагондун конструкциялык бөлүгү өзгөргөн жок. Жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн терезе тешиктери чоңойтулуп, панорамалык терезелер орнотулду. Сапар учурунда бул Кыргызстандын жаратылышына көлөмдүү жана түркүн түстүү көрүнүш берет.

Сапардын ыңгайлуулугу үчүн кыш-жай абаны кондиционерлөө системалары орнотулган. Ошондой эле вагондо муздаткыч жана ичүүчү суу орнотулган. Жолдо жүрүүдө жүргүнчү жаңы толук экрандуу сыналгылардын стереосунун сапатын баалай алат.

Белгилей кетүүчү нерсе, вагонду модернизациялоо ишкананын күчү менен, тышкы инвестицияларды тартпастан жүргүзүлдү. 30 жылдан бери “Кыргыз темир жолу” жаңы жүргүнчү вагондорун алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий