• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Окуу жайлардын жетекчилерине студенттерден контракттык төлөмдөрдү өндүрүп алууга болгон аракеттерди токтотуп туруу сунушталды - Исаков

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Карантин убагында айрым жарандар ишсиз калгандыгына байланыштуу, окуу жайларында контракттык негизде окуп жаткан студенттердин төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүүсүндө көгөйлөр жаралууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ишсиз калган ата-энелер, студенттер бар. “Бул айрым студенттердин контракттык төлөмдөрүн төлөөгө таасирин тийгизүүдө. Ошого байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги жогорку жана орто окуу жайларынын жетекчилерине өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен мүмкүн болушунча ийкемдүү иштөөгө жана студенттерден контракттык төлөмдөрдү өндүрүп алууга болгон аракеттерди токтотуп туруу сунушу менен кат жолдоду. Зарыл болгон учурда студенттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен алардын контракттык төлөмдөрүн токтотуп берүү боюнча ар бир окуу жайынын жетекчилеринин алдында социалдык комиссия түзүлүп, ар бир студенттин индивидуалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша жеңилдиктерди жана ийкемдүү графиктерди түзүп берүүгө аракеттер башталды”, - деп баса белгиледи Исаков.

Министр кошумчалагандай, мугалимдер айлык акыларын өз убагында алууда.

Пикир

Оставить комментарий