• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектепке чейинки билим берүүнүн ар кандай формалары менен 3-7 жашка чейинки балдардын 40,9% камтылган

Коом 0

Бишкек. 11.04.19 /Кабар/. Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2018/2019-окуу жылында 26,2% түздү, 2017/2018-окуу жылына салыштырмалуу (мындан ары - МЧБУ) 2,2% өстү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жалпы билим берүү уюмдарынын жайларын оптималдаштыруунун натыйжасында мектептердин алдында 7 358 баланы камтуу менен 100 МЧБУ ачылган.

Региондорду өнүктүрүүнүн алкагында 10 000 баланы камтуу менен кыска мөөнөттө болуучу 120 МЧБУ ачылган. 217 бала бакчанын мурунку имараттары түз багыты боюнча иштөө үчүн бошотулган, алардын ичинен 178 бала бакча пайдаланууга берилген.

2018-жылы Бишкек жана Ош шаарларында бала бакчаларга электрондук кезекке туруу киргизилди (http://balabakcha.edu.gov.kg платформасында), анын базасында 35 170 электрондук өтүнмө берилген, бала бакчаларга 22 407 бала жайгаштырылды.

Жалпысынан мектепке чейинки билим берүүнүн жана мектепке даярдоонун ар кандай формалары менен 3 жаштан 7 жашка чейинки балдардын 40,9 %ы камтылган.

Республикада 2 265 жалпы билим берүү уюму иштейт, аларда 1 268 068 окуучу окуйт (1 – 11-класс).

Интернет тармагына 1 866 мамлекеттик жана мунципалдык мектеп же 2018-жылдын башындагы 67 %га салыштырмалуу 86,8 % мектеп кошулган.

Кыргыз Республикасынын Региондук саясат концепциясын ишке ашыруунун алкагында 91 мектеп инновациялык мектеп статусун алды.

2018-2019-окуу жылында 5-6-класста окугандар жаңы окуу программаларын жана окуу-методикалык комплекстерди пайдалануу менен жаңы предметтик стандарттар боюнча окутулууда. Кийинки жылдары 7-9-класста, андан кийин 10-11-класста окугандарды жаңы предметтик стандарттар боюнча окутуу пландалууда.

2018-жылы 1920 мектепке биринчи жолу аккредитациялоо жүргүзүлдү, алардын ичинен 1365 мектеп (же 71 %) 5 жылга аккредитацияланды, 555 мектеп (же 29 %) шарттуу түрдө 1 жылга аккредитацияланды.

Ысык тамак берүү 1 371 мектепке киргизилди, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана Мерсиконун техникалык жардамы менен камтуу тиешелүү түрдө республиканын 86 жана 139 мектебинде кеңейтилди.

2019-жылдын башында «Мектепке электрондук түрдө жазылуу» долбоору иштеп баштады, ал мектеп жашына жеткен балдарды (6-7 жаш) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелерине каттоо процессин автоматташтырууну камсыздайт.

Эми ата-энелер мектептердин тизмесин, бош орундардын санын, баланын кезек боюнча жылышын жана мектепке кабыл алынышын каалаган учурда көрө алышат.

Пикир

Оставить комментарий