• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жаңы жыл: 10 миңден ашуун укук коргоо кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Бишкекте жаңы жыл жана майрам күндөрү коомдук тартипти сактоого жана коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Министрлер кабинетинин башчысы узап бара жаткан жылда республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эбегейсиз зор иштер жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

“Ар бир милиция бөлүмдөрүнө атайын камералар орнотулуп, катардагы кызматкерлерге төш-камералары берилди. Ар бир жарандын коопсуздугун камсыздоо үчүн санариптик технологиялар киргизилди. Акыркы 2 жылда 300дөн ашуун автотранспорт сатып алынып, ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү унаалар жаңыланды. Бүгүнкү күндө 36 жаңы унаа Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди, жакынкы аралыкта дагы 50 жаңы унаа келет”, - деп кошумчалады Акылбек Жапаров.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып жатып, министрлер кабинетинин төрагасы алардын оңой эмес кызматы үчүн ыраазычылык билдирүү менен келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

“Сиздерден жумушка ак ниет жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууңуздарды суранам. Өлкөбүздүн жарандары өздөрүн толук коопсуз сезиши керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий