• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМК: Оштогу №25 колониядагы камералардан тыюу салынган буюмдар табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Оштогу №25 колониядагы камералардан 17 даана уюлдук телефон, ошондой эле тыюу салынган башка буюмдар табылып, алынган. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлайт.

Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, тыюу салынган буюмдарды эркин алып жүрүү боюнча бул мыйзамсыз иш-аракеттер мекеменин экс-жетекчиси Ж.У.нын макулдугу менен жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн коргоо үчүн соттолгондордон системалуу түрдө пара алып турган.

Учурда УКМК тарабынан КР Юстиция министрлигине караштуу Ош шаарынын №25 мекемесинин экс-жетекчиси, кылмыштуу аракеттери тууралуу кошумча маалыматтарды чогултуу жана документтештирүү боюнча тергөө-ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ж.У. жана башка тиешеси бар адамдар иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий