• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Россияда оор кылмыш жасап, эл аралык издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Бишкекте милиция кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Б.М. аттуу жаранды кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Россияда оор кылмыш жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Кылмышкер адамды жүзүнөн тааныган сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды.

"Видеобайкоо камералары аны издөөдө жүргөн адам катары тастыктаган, ал оор кылмышка шектүү болуп, бирок качып кетип эл аралык издөөдө жүргөн", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган кылмышкерге карата 2015-жылы Россиянын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалган.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандын аймагында адамды жүзүнөн тааныган 100дөн ашуун видеокамера иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий