• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Бишкек” эркин экономикалык аймагында 13,8 млн сомдук мамлекеттик мүлк мыйзамсыз сатылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/.“Бишкек” эркин экономикалык аймагында 13,8 млн сомдук мамлекеттик мүлк мыйзамсыз сатылып кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “Бишкек” эркин экономикалык аймагында текшерүү жүргүзүлдү.

Анда 1997-жылы мамлекеттик менчикте болгон аянты 428,8 чарчы метр жери менен өндүрүштүк имараттар “И-м Т-ко” ЖЧКна 40 жылга ижарага берилип, “Бишкек” ЭЭАнын жана аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун жооптуу кызматкерлери 2002-жылы сатып алуу-сатуу процедурасын мыйзамсыз өткөрүп, жогорудагы өндүрүштүк имараттарды “F-M” ЖЧКсына жеке менчикке сатып жиберишкендиги аныкталган.

Ал эми, 2021-жылы "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалынын кызмат адамдары кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, пайда көрүү максатында “И-м Т-ко” ЖЧК менен «F-M» ЖЧКсы ортосундагы 19 жыл мурда мыйзамсыз жасалган сатып алуу-сатуу келишимдерин каттоодон өткөрүп, мамлекеттик мүлктү «F-M» ЖЧКсынын менчик укугу катары каттап беришкен.

Натыйжада, "И-м Т-о" ЖЧКнын, «F-M» ЖЧКнын, "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Бишкек филиалынын жооптуу кызматкерлеринин, ошондой эле “Бишкек” ЭЭАнын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 13 млн 850 миң 785 сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын административдик сотуна 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин каттоосун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз келтирилди.

Пикир

Оставить комментарий