• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагында өткөн жумада СOVID-19дун 5 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.02.24. /Кабар/. Өлкө аймагында өткөн жумада СOVID-19 инфекциясынын 5 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Жүргүзүлгөн мониторингге ылайык, жумасына экиден алтыга чейин учур катталып, коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу деп бааланууда.

Бешинчи жумада оорунун 5 учуру катталды. Алар - Бишкекте – 1, Ошто - 1, Ош облусунда – 2 жана Ысык-Көл облусунда – 1.

Республика боюнча сасык тумоо, КРВИ жана COVID-19 инфекциясына мониторинг жүргүзүү улантылууда, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө.

Пикир

Оставить комментарий