• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эдил Байсалов: Кыргызстан вакцинация темпи боюнча дээрлик 2 эсе артта калууда

COVID - 19 0

Бишкек, 11.11.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Кеңешменин катышуучулары республикадагы учурдагы эпидемиологиялык абалды талкуулады, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө абал туруктуу.

Эдил Байсалов Саламаттык сактоо министрлигине коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү, зарыл болгон учурда тийиштүү чараларды ыкчам тартипте кабыл алуу үчүн штабга дароо маалымдоону тапшырды.

Андан соң республикалык штабдын мүчөлөрү республика аймагындагы COVID-19 каршы калкты вакцинациялоонун жүрүшу маселесин талкуулады. Аталган маселе боюнча Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматы угулду.

Эдил Байсалов белгилегендей, эмдөөнү ийгиликтүү жүргүзүү жер-жерлердеги жетекчилерден жана алардын алдына милдеттердин туура коюлушунан көз каранды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасы вакцинациялоо темпи боюнча Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги өлкөлөрүнүн арасында акыркы орунда турат жана жарандар арасында эмдөө алуунун зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн эскертти.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын тапшырмасы боюнча, жакын арада Бишкек шаарында COVID-19 каршы вакцинациялоо боюнча кошумча пункттар ачылат жана жарандарды маалымдоо боюнча жаңы кампания башталат.

Штабдын жыйынынын соңунда Эдил Байсалов облус жана шаарлардын жетекчилерине саламаттыкты сактоо уюмдарында суюк кычкылтек үчүн жабдуулардын даярдыгын инвентаризациялоону тапшырып, ооруп калган учурда ар бир жаранга кычкылтек 50 км радиусунда жеткиликтүү болушу керектигин белгиледи. Анын айтымында, кычкылтектин жеткиликтүүлүгү COVID-19 курч түрү менен ооругандардын өмүрүн сактап калуунун негизги фактору болуп саналат.

Ал коронавирустук пандемиянын жаңы толкуну учурунда бейтаптар кычкылтек менен камсыздоочу жабдыктар менен камсыздалбаган учурда саламаттыкты сактоо тармагынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин кылмыш жоопкерчилигин эске салды.

Пикир

Оставить комментарий