• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан коррупциянын көрүнүштөрүн демонтаждоо боюнча иштердин алкагында Чүй облусунун калкты каттоо органдарынын кызмат адамдары тарабынан калктан системалуу түрдө акча талап кылуу менен көрсөтүлгөн кылмыш схемасы аныкталды.

Тактап айтканда, 2021-жылдын 23-августунда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында ыкчам-тергөө топ пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Москва районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн кызмат адамы «А.И.Э.» кармашкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган адам узак убакыт бою паспортторду, туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик бланктарды берүү боюнча расмий мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө калктан акча чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы түзүп алган. Жалпысынан ушул сыяктуу 50дөн ашык фактылар аныкталды.

Азыркы учурда кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий