• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Коронавирустан көз жумган медиктерге коюла турган эстеликтин орду аныкталды

Өкмөт 0

Бишкек, 24.08.21. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө каза болгон алдыңкы катардагы дарыгерлердин урматына мемориал орнотуу маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, дарыгерлердин, медайымдардын жана санитарлардын жаркын элесин түбөлүккө калтыруу, кесиптик милдетин аткарууда өмүрүн берген ден соолук сакчылары коркунучтуу инфекция менен күрөшүүдө жан аябаган эрдиги түбөлүккө сакталат.

Талкуулоонун жана тиешелүү документтерди кароонун натыйжасында Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн тушуна, тагыраагы, И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын борбордук аллеясындагы музейдин жанына мемориал орнотуу чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий