• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек - Ош жолундагы туннелдер аркылуу унаанын өтүүсүнө төлөм тарифтери өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. 2024-жылдын 1-январынан тарта "Сосновка" жана "Кара-Көл" көзөмөл-өткөрүү пункттарында транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн төлөмдөр өзгөртүлгөн тарифтер менен алынат. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин "Бишкек - Ош унаажолундагы тоннелдер аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымды төлөөнүн өлчөмү жана тартиби" токтомунун негизинде Бишкек - Ош унаа жолундагы туннелдер аркылуу транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн жыйымдын өлчөмү өзгөртүлдү.

Ошентип, төлөмдөр төмөндөгүдөй өлчөмдо алына баштайт:

- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашпаган оруну бар транспорт каражаттары – жеңил транспорт каражаттары: ата-мекендик – 50 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 200 сом;

- жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т. ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;

- жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашпаган транспорт каражаттары. Дөнгөлөктүү тракторлор: ата-мекендик – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;

- жүргүнчүлөрдү ташуу учун пайдаланылуучу жана айдоочунун ордунан тышкары отуруу үчүн 8ден ашык оруну бар жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 5 т. ашкан транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;

- жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т ашкан, бирок 12 т ашпаган транспорт каражаттары: ата-мекендик – 150 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;

- жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары: ата-мекендик – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;

- жүктөрдү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 12 т ашкан транспорт каражаттары. Техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 3,5 т жогору, бирок 10 т ашпагап чиркегичтер: ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;

- максималдуу эсептик ылдамдыгы 40 км/сааттан ашпаган, олуттуу өлчөмдөрү менен мүнөздөлгөн жана чоң айыл чарба аянттарын иштетүү үчүн атайын арналган жазысы кең тракторлор (комбайндар): ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;

- жүктордү ташуу үчүн арналган жана техникалык жактан жол берилген максималдуу массасы 10 т ашкан чиркегичтер: ата-мекендик – 300 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом;

Пикир

Оставить комментарий