• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

"Жалал-Абад" санаторийинин директорунун орун басары бейтаптардан бекер процедуралар үчүн акча алган

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын "Жалал-Абад" санаторийинин (курорт) директорунун орун басары бейтаптардан системалуу түрдө акча каражатын алган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, жогоруда аталган мекеменин директорунун дарылоо бөлүмү боюнча орун басары А.М.С. санаторийдин бейтаптарынан акча алып жаткан жеринен кармалды.

Белгиленгендей, кармалган А.М.С. иш жүзүндө бекер бериле турган жана санаторийдин медициналык процедураларынын милдеттүү прейскурантына киргизип, дарыланып жаткандардан кошумча медициналык процедураларды санаториялык китепке киргизүү үчүн акча талап кылуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөндүгү аныкталды.

Кармалган жаран КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий