• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Алакалардын жаңы барагы ачылды" — Түркиянын ТИМ башчысы кыргыз элине ыраазычылык билдирди

Саясат 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жер титирөөдөн жабыркаган түрк элине жардам колун сунган Кыргызстанга ыраазычылык билдирди. Бул эки өлкө элинин ынтымагын дагы бекем чыңдап, кыргыз-түрк мамилелеринин жаңы барагын ачты. Бул тууралуу Чавушоглу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен болгон жолугушууда билдирген.

КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу ушул жылдын 7-мартында өткөн.

Казакбаев бир тууган түрк элине президент Садыр Жапаровдун, КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаевдин жана Кыргызстан элинин атынан Түркияда 2023-жылдын 6-февралындагы көптөгөн адам өмүрүн алып кеткен кыйратуучу жер титирөөгө байланыштуу көңүл айтты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактын тең кызыгуусун туудурган эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык боюнча маселелердин жоон тобун талкуулашты. Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында тараптардын өз ара аракеттенүү пландары кеңири талкууланды.

Дипломаттар ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү, анын ичинде Кыргыз-Түрк өнүктүрүү (инвестиция) фондун түзүү маселесин, ошондой эле Кыргыз Республикасына түрк инвестицияларын тартуу жана түрк компаниялары менен кыргыз тараптын ортосундагы талаштуу учурларды чечүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги бардык маселелери боюнча пикир алмашып жана убакытты такташып туруу үчүн мындан аркы үзгүлтүксүз байланыштар тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий