• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысынын орун басары Атаханов Индия элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атаханов Индиянын Кыргызстандагы элчиси Арун Кумар Чаттержи менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуу Индия тараптын өтүнүчү боюнча бүгүн, 14-сентябрда өтүп, анда эки тараптуу мүнөздөгү маселелер талкууланды.

Ошондой эле жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, кыргыз-индия Тышкы иштер министрликтер аралык кезектеги 13-консультацияларын өткөрүү, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Индиянын элчиси Арун Кумар Чаттержи тышкы иштер министринин орун басары Авазбек Атахановду кызматка дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-индия мамилелерин өнүктүрүү үчүн жигердүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий