• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

GoBus автобустары эми Ысык-Көлгө түндө да каттай баштайт

Коом 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. GoBus автобустары күзгү графикке өтүүдө. Эми каттамдар көбөйө турганын Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 16-сентябрдан тарта Бишкек-Каракол багытындагы GoBus автобустары мурдагыдай саат 08:00дө эмес, саат 10:00дө жөнөйт.

Ошол эле учурда автобус Каракол шаарынан каттайт. Бишкекке да саат 10:00дө каттайт.

GoBus компаниясынын негизги жаңылыктарынын бири бул Ысык-Көлгө түнкү каттамдардын ачылышы. GoBus автобустары Бишкектен саат 23:30да чыгып, Каракол шаарына эмес, андан ары Теплоключенка айылына барат. Теплоключенкадан Бишкекти көздөй дагы саат 23:30да каттайт.

Жеткиликтүү каттамдар жана билет сатып алуу тууралуу маалыматтарды GoBus тиркемесинен алсаңыз болот. Сall-centre: 0706 880087.

Пикир

Оставить комментарий