• 88.68
  • 95
  • 0.95

1-сентябрга карата Жаратылыш министрлигине 626,7 млн сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине 626,7 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылга аталган министрликке 1 млрд 134,8 млн сом суммасында каражат каралган.

Анын ичинен:

- бюджеттик каражаттар 667,2 млн сом;
- атайын каражаттар 467,6 млн сом.

2023-жылга каралган каражаттардын ичинен 27,8 млн сом өлчөмүндө каражат Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинде геологиялык иштерди жүргүзүүгө (мамлекеттик заказ) каралган.

Анын ичинде:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 23,4 млн сом;
- атайын эсептин каражаттарынан 4,4 млн сом.

Ошондой эле атайын эсептеги 62,1 миллион сом акча каражаты мыйзамдаштырылган. Калган чыгашалар кызматкерлердин айлык акысына, командировкаларга, байланыш кызматтарына, транспорттук чыгымдарга, учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алууга, коммуналдык төлөмдөргө жана башкаларга берилет.

2023-жылдын 1-сентябрына карата 626,7млн сом каржыланды. Анын ичинен:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 462,3 млн сом;
- атайын эсептерден 164,4 млн.

Пикир

Оставить комментарий