• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдө IV Экономикалык форум старт алды

Экономика 0

Бишкек, 22.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бүгүн Чолпон-Атада IV Экономикалык “Ысык-Көл 2017” форуму старт алды.

Аталган иш чара КРнын Экономика министрлиги тарабынан уюштурулуп, ЕАЭБ мүчө мамлекеттер ортосунда бирдиктүү талкуу жүргүзүүчү аянтчаны түзүп берүү.

Форумда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин каржы, саясат жана ишкер өкүлдөрү катышууда. Алар иш чаранын жүрүшүндө экономикалык маселелерди, долбоорлорду жана келечектеги кызматташууларды талкуулашмакчы.

2016-жылы аталган форумга 500 чукул саясий жана коомдук ишмерлер, эл аралык уюмдардын жана компаниялардын жетекчилери, серепчилер, дипломаттар, ошондой эле ММК өкүлдөрү катышкан. Экономика жаатында 100гө чукул чет элдик компаниялар көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий