• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков өзүнүн премьерлик кызматтагы ишинин жыйынтыгын чыгарды: 1,5 жыл министрлер кабинети ийгиликтүү иштеди

Өкмөт 0

Сооронбай Жээнбеков өзүнүн премьерлик кызматтагы ишинин жыйынтыгын чыгарды: 1,5 жыл министрлер кабинети ийгиликтүү иштеди

21-августта өкмөттүн отурумунда Сооронбай Жээнбеков өзүнүн ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Анын айтымында, бир жарым жыл ичинде өкмөт жакшы жыйынтыктарга жетише алды. Ал товар жүгүртүүдөгү, салык чогултуудагы, калкты кредит менен камсыз кылуудагы, ИДП жана башка экономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын санап өттү. «1,5 жыл ичинде коллегаларым мени менен чогуу иштешти жана мени менен чогуу жоопкерчилик тартышты, мен сиздердин алдыңыздарда башымды ийем, ыраазычылыгымды билдирем. Ошондой эле Жогорку Кеңеш да бизге өтө маанилүү тапшырмаларды ишенип тапшырды, андыктан биз өтө жакшы иштедик, жакшы жолду жасадык. Биздин Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн биз тынымсыз жана эс алуусуз иштедик жана биздин принцип – булганыч иштерге катышпоо, а мамлекеттин бардык керектөөлөрүн камсыз кылуу болду», - деп билдирди ал.

Ал өзүнүн ишмердүүлүгүнүн учурунда жүздөн ашуун мектеп жана балдар бакчалары курулганын жана оңдолгонун, Чолпон-Атадагы иппадромдун жана башка объектилердин реконструкциясы аяктаганын эске салды. Бир катар шаарлар ичүүчү таза суу менен камсыз болду, айыл чарба сектору ыңгайлуу шартта кредиттерди алды.

Сооронбай Жээнбеков ЕврАзЭСдин алкагындагы жасалган иштерди да белгиледи: жалпы республика боюнча контролдук пунктардын, ветеринардык жана фитосанитардык пунктардын курулушу. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду атамекендик ишкерлерге ЕврАзЭС рыногуна адаптацияланышы үчүн жардам кылды, ал эми технопарктын түзүлүшүн, кийим тигүү өнөр жайын жаңы деңгээлге көтөрөт.

С.Жээнбеков өзүнүн премьер-министрлик кызматты аркалаган убактысында мугалимдердин маянасы 28%ка чейин көтөрүлгөнүн, башка муниципалдык кызматкерлердин айлык акысы дагы сентябрь айынан тарта көтөрүлүшү пландалып жатканын эске салды.«Жараткандын колдоосу менен эгерде президент болуп шайланып калсам, мен биздин урматтуу президент баштаган бардык иштерди улантам жана бардык жүзөгө ашкан максаттарды кармап калууга аракет кылам. Мамлекетти алдыга жылдыруу үчүн менде тажрыйба да, күч да жетиштүү, андыктан мен сиздер менен коштошпойм. Жакынкы келечекте биздин өлкөнү бардыгыбыз бирдикте өнүктүрөрүбүзгө ишенем. Жараткандан биздин өлкөнү колдоосун, дайыма тынчтык болуусун суранам», - дейт Жээнбеков.

Эске сала кетсек, Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын жазында премьер-министр болгон, ал эми үстүбүздөгү жылдын июль айында КСДП аны президенттикке талапкер катары жылдырган.

Пикир

Оставить комментарий