• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Улуттук банкы эсептик чен өлчөмүн 4,75 пайыз деңгээлинде калтырды

Экономика 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. КРнын Улуттук банкынын башкармалыгы 24-сентябрда эсептик чен өлчөмдү 4,75 пайыз деңгээлинде сактап калууну чечти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы инфляция ички жана тышкы рынок тарабынан жетиштүү сунуштарды эске алуу менен азык-түлүк товарларына баанын төмөндөшү фонунда төмөнкү деңгээлде калууну улантууда. Инфляциянын азык –түлүктүк эмес бөлүгү баалардын өсүшүнүн темпин жай кылып көрсөтүүдө. 2018-жылдын сентябрь айындагы инфляциянын жылдык мааниси 1,1 пайызды түзгөн. Инфляциянын азыркы динамикасы жана ички жана тышкы чөйрөнүн өнүгүү перспективалары инфляциянын үстүбүздөгү жылдын аягына карата көрсөткүчүн 4 пайызга чейинки деңгээлде баалоого жол ачат.

Ал өлкөдөгү экономикалык активдүүлүк өлкөгө болгон акча которуулардын жана реалдуу айлык акынын көбөйүүсү алкагында суроо-талаптардын жыйындысын калыбына келтирүү менен колдоого алынарын белгиледи.

2018-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча реалдуу ички дүң продукциясы 0,3 пайызга кыскарган. “Кумтөр” алтын кен ишканаларын эске албаганда, экономиканын өсүшү 2,1 пайызды түзгөн. Экономиканын өсүшүнө болгон оң салым айыл чарба, соода жана транспорт секторлору тарабынан камсыздалат.

“Монетардык тармакта оң тенденциялар сакталууда. Банк сектору улуттук валютада өтүмдүүлүктүн жетиштүү деңгээлине ээ. Мунун алкагында Улуттук банк ашып калган өтүмдүүлүктү стерилизациялоо боюнча операцияларды жүргүзүүдө. Акча рыногунда улуттук валютадагы кыска мөөнөттүү чендер Улуттук банк орноткон пайыздык коридордун чегинде термелүүнү улантууда. Насыялык ресурстардын банктар аралык рыногу экинчи ай катары менен катышуучулардын өсүшүнүн активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Экономиканы насыялоонун кеңейиши жана коммерциялык банктардын депозиттик базасынын чоңойгону байкалууда”, - деди Абдыгулов.

Пикир

Оставить комментарий