• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мектептер арасында өткөрүлүүчү “Мыкты медиа бурч” сынагына өтүнмөлөр кабыл алынууда

Билим 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Жыл сайын республикадагы мектептер арасында өткөрүлүүчү “Мыкты медиа бурч” сынагына командалардан табыштамаларды кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Команданын курамында жооптуу бир мугалим жана 3-10 окуучу болушу керек.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2023-жылдын 30-сентябрына чейин жүргүзүлөт. Сынак “Медиа Сабак” фонду тарабынан уюштурулууда.

Катышууну каалаган командалар www.mediasabak.org cайты аркылуу сынактын шарттарына ылайык форманы/табыштаманы толтуруп, каттоодон өтүүсү зарыл.

Толугураак маалымат - https://www.mediasabak.org/ru/news/438/

Пикир

Оставить комментарий