• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат

Экономика 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана Евразиялык индустриалдык-логистикалык парк курулат. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев менен экономиканын жеке секторундагы эл аралык кызматташтык боюнча Кытай Соода палатасынын төрагасынын орун басары Люй Ян баштаган кытай делегациясынын жолугушуусунда айтылды.

КР СӨПтүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар кызматташтыктын келечегин талкуулоодо бир катар долбоорлорду, анын ичинде Кыргызстанда Евразиялык соода шаарын курууну карашты.

"Евразиялык соода шаары бир нече адистештирилген товардык-соода зоналарын, ошондой эле конференц-көргөзмө борборун, логистикалык паркты жана авиа жүк борборун камтыйт деп болжолдонууда. Пландалган курулуш аянты 3 млн чарчы метрди түзүп, жалпы инвестиция 277 млн долларга бааланган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, тараптар Ош шаарында Евразия индустриалдык-логистикалык паркын куруу боюнча пландарды макулдашышты. Парктын аянты 2 чарчы километрди түзүп, аны ишке ашырууга 41 млн доллар инвестиция жумшалат.

"Бул курулуш Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун ишке киргизүүнү эске алуу менен өзгөчө актуалдуулукка ээ болот, бул региондо логистикалык экономиканы өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", - деп кошумчалашты СӨПтүн маалымат кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий