• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөн районунун аймагында 80 жана 100 орундуу эки бала бакча ишке кирди

Аймак 0

Бишкек, 08.09.23. /Кабар/. Өзгөн районунун Мыйза-Аке айыл аймагында 2 мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылуу аземине президенттин өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, Ош билим берүү институтунун директору Гулмира Турдубаева, Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов, жергиликтүү тургандар, айыл аксакалдары, жаш жеткинчектер жана алардын ата-энелери катышты.

Алгач чогулгандар 80 орундуу "Эркинбү апа" мектепке чейинки билим берүү мекемесин, андан соң 100 орундуу "Ханбаян-Нур" балдар бакчасын ачышты. Аталган балдар бакчаларын ачууга Таабалды Жусубалиев жана анын үй-бүлөсү, Гулкан Жороева жана анын үй-бүлөсү демөөрчүлүк кылып, Мырза-Аке айыл өкмөтү демилгелерди колдоого алган. Алар билим берүүгө кошкон салымы үчүн атайын сыйлыктар менен сыйланышты.

Эрнис Толтоев бала бакчалардын ишке кириши менен жергиликтүү тургундарды кызуу куттуктап, жыл ичинде Ош облусунун аймагында 50 бала бакча ачыла турганын белгиледи.

Маалымат үчүн: 80 орундуу "Эркинбү апа" мектепке чейинки билим берүү мекемесин ардактуу ардагер, демөөрчү Таабалды Жусубалиевдин өздүк каражатынан 2 млн сомдон ашуун каражатын жумшап, өзүнүн турак жайын оңдоп-түзөп, тиешелүү эмеректер менен жабдып, бала бакчаны жамааттык пайдаланууга даярдаган.

Ал эми 100 орундуу "Ханбаян-Нур" балдар бакчасы Гулкан Жороева жана анын үй бүлөсү тарабынан 15 млн сом акча каражаты жумшалып, 2 кабаттуу имарат бүткөрүлүп, эмеректер менен жабдылып, жамааттык бала бакча катары пайдаланууга даярдалган.

Пикир

Оставить комментарий