• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда эл жана турак жай фондун каттоого даярдыктар жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Жалал-Абадда эл жана турак жай фондун каттоого даярдыктар жүрүүдө, - деп билдирет президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, күн мурун бул багытта район-шаарлардын жетекчилери менен онлайн жыйын өттү. Ага облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов, облустук статистика комитетинин жетекчиси Жандаралы Садыралиев жана тийиштүү тармак кызматкерлери катышты.

Маалым болгондой, Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин өткөрүлөт. Өнөктүккө карата Жалал-Абад облусунун аймагындагы даярдыктарда, район-шаар башчыларына калктын маалымдуулугун жогорулатуу тапшырмасы күчөтүлдү.

Мында ар бир район-шаар, айыл аймактарга чейин эл катоонун өтүүсү боюнча баннерлерди илүү, калкка кеңири маалымат жайылтуу зарылдыгы белгиленди.

Эл жана турак жай фондун каттоо мезгилинде Жалал-Абад облусунан 5 миңден ашуун адам убактылуу жумушка тартылат. Каттоочуларды окутуу 9-марттан тарта жүргүзүлө баштайт.

Каттоодо ар бир жаран өзү жана турак жайы жөнүндө маалымат берет. Мындан сырткары, чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын абалы да камтылат.

Андагы чогултулган маалыматтар купуя болуп саналат, жарыя кылынбайт жана жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөөнү жөнгө салган КРнын мыйзамында белгиленген тартипте корголот.

Эске салсак, эл каттоого катышуу бардык жарандар үчүн милдеттүү жана суроолорго жооп берүүдөн баш тартууга болбойт. Баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган.

Каттоодогу калктын саны жана курамы жөнүндө маалымат бардык деңгээлдеги бюджеттерди түзүү үчүн колдонулат.

Бул Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы үчүнчү улуттук эл каттоо, буга чейинкилер 1999 жана 2009-жылдары өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий