• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеңиш күнүнө карата Ош жана Чолпон-Ата шаарында ат оюндары боюнча жарыш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.05.19. /Кабар/. Жеңиш күнүнө карата Ош менен Чолпон-Ата шаарында ат оюндары боюнча жарыш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Ат оюндары Ош жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандарында 4-9-май күндөрү болуп өтөт. Жарыштар 9-Май – Жеңиш күнүнө, Сүймөнкул Чокморов жана Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналып өткөрүлөт.

Анда жети облустан жана Ош менен Бишкек шаарынан келген спортчулар эр эңиш, ат чабыш, салбуурун жана көк-бөрү боюнча таймашышат.

Пикир

Оставить комментарий