• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бокс боюнча республикалык чемпионат старт алды

Спорт 0

Бишкек, 07.12.22. /Кабар/. Күн мурун, 6-декабрда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, чемпионатка республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун спортчу катышып, жалпы 23 комплект медаль ойнотулат.

Мелдештин биринчи күнүндө чемпионаттын салтанаттуу ачылыш аземи өтүп, ага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов, бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев катышты.

Канат Шабданбаев иш-чаранын ачылышында чемпионаттын жыйынтыгы менен курама команда түптөлүп, кийинки жылы өтө турган Дүйнө чемпионатында жана эл аралык мелдештерде жеңүүчүлөр өлкө намысын коргойт деди. "2023-жыл лицензиялык беттештерде жолдомо алып, 2024-жылы Олимпиадада медалын аласыздар деп ишенем. Баарыңыздарга ийгилик жана күчтүүсү жеңсин", - деди Шабданбаев.

Федерациянын президенти Умбеталы Кыдыралиев 2023-жыл спортчулар үчүн жоопкерчиликтүү жыл болорун айтып, спортчулардан чоң ийгиликтерди күтөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, чемпионат 10-декабрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий